Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Красноярскидеги заводдон 15 жаштагы жалгыз кыргызстандык кыз табылды

Базада жалпысынан 68 мигрант кармалды

Красноярскиде күч кызматкерлери пияз фабрикасынын өндүрүштүк базасына тинтүү жүргүзүштү.

Орусиянын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, базадан 68 мигрант - Кыргызстандын, Тажикстандын жана Азербайжандын жарандары кармалган. Алардын 20сы РИИБге жеткирилип, кылмышка катыштыгы бар же жок экендиги текшерилди.

Полиция бир эле учурда бир нече мыйзам бузууларды аныктады - чет элдик жарандарды ишке мыйзамсыз тартуу жана иммиграция эрежелерин бузуу. 10 административдик протокол түзүлдү. Төрт мигрант өлкөдөн депортациялоо алдында турат.

Кошумчалай кетсек, рейд учурунда аталган базадан Орусияда мыйзамдуу өкүлү жок жүргөн 15 жаштагы кыргызстандык кыз табылганы айтылат. Ал социалдык мекемеге жайгаштырылды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх