Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Арча-Бешик конушунда 0,08 гектар жер жеке колго мыйзамсыз өтүп кеткен

Мамлекетке 10,7 миллион сом зыян келтирилген

Арча-Бешик конушунда 0,08 гектар жер мыйзамсыз түрдө жеке колго өтүп кеткен, деп билдирди КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Борбордук мамлекеттик архивдин жооптуу кызматкерлери Бишкек шаарынын мамлекеттик администрациясынын 1993-жылдагы жер участогун бөлүп берүү жөнүндө токтомуна атайылап жалган маалыматтарды киргизип, ошондой эле жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө көчүрмөнү берип, жасалма күбөлөндүргөнү аныкталган. Арча-Бешик конушундагы 08 га жер участогуна жеке менчик укугун мыйзамсыз каттоого тургузушкан.

Натыйжада мамлекетке 10 миллион 703 миң сом зыян келтирилген.

Бул фактынын негизинде райондук прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштерин уюштуруу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынына берилди.

Укук белгилөөчү документтерди жараксыз деп табуу үчүн сот органдарына доо арыздары берилип, учурда каралып жатат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх