Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Сууда салык кызматынын башчысы ишкерден 100 миң сом талап кылган (видео)

Ал пара менен кармалды

Салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын башчысы 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин атайын кызматка ишкер байланышка чыгып, салыкчы Кыргызстандын аймагына 9 автоунааны алып кирүүдө пайда болгон 650 миң сом салык карызын жаап-жашыруу үчүн андан 100 миң сом алып жатканын билдирген.

27-апрелде УКМКнын кызматкерлери акча алып жаткан жеринен Салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын башчысы К.Р.Т.ны пара менен кармашкан. Ал УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх