Бишкекте 19 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны кармалды
Ал адам өлтүрүү жана талап-тоноо боюнча издөөдө жүргөн
Бишкекте 19 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны кармалды.
КР ИИМ басма сөз кызматы билдиргендей, 2005-жылдан бери Россиянын укук коргоо органдары тарабынан адам өлтүрүү жана тоноо фактылары боюнча издөөдө жүргөн 1976-жылы туулган В.П. кармалды.
Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз