Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК «Беш-Сары» соода-сатык борборунун директору, БШКнын депутаты Наргиза Жолдошбаеваны кармады

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди

УКМК "Беш-Сары" соода-сатык борборунун директору, БШКнын депутаты Наргиза Жолдошбаеваны кармады.

Атайын кызмат тарабынан көрүлгөн иш-чаралардын алкагында «Беш-Сары» ЖЧКсынын жетекчилиги тарабынан жеке менчикти ыйгарып алуу жана үчүнчү жактарга өткөрүп берүү боюнча алдамчылык фактысын аныктоо боюнча, өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрдөн качуу фактылары да аныкталган.

УКМК “Беш-Сары” ЖЧКсынын директору Ж.Н.К.га (Наргиза Жолдошбаева) 2023-жылдын ноябрь айында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ишкерлерге ижара акысын 30%га төмөндөткөн. Бирок үстүбүздөгү жылдын май айынан тарта базар жетекчилиги ижара акысын кайрадан мурунку деңгээлге көтөрүүнү көздөгөн.

29-апрель күнү Ж.Н.К. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

 

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх