Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте психикалык жактан жабыркаган адам дайынсыз жоголуп жатат

Ал бир нече айдан бери изделүүдө

Бишкекте психикалык жактан жабыркаган адам изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, өткөн жылдын август айында аларга арыз менен Ш.Б. кайрылган. Анын айтымында, 9-август күнү саат 14:30дар чамасында 1969-жылы туулган иниси Толипов Бустонбой Собирович Келечек конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Учурда анын кайда экени белгисиз.

Милиция жарандарды дайынсыз жоголгон адамга көңүл бурууну өтүнөт.

Белгилери: бою 170-175 см, арык денелүү, чачы кыска, боз, көзү күрөң. Өзгөчө белгилери: психикалык жактан жабыркайт.

Эгерде кандайдыр бир маалымат болсо, 0 (704) 103-102, 0 (557) 11-94-10, 0 (312) 43-28-15 жана 102 телефондору аркылуу кайрылууну суранабыз.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх