Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Маршруткада чөнтөкчү жашы жете элек кыздын телефонун уурдап кеткен

Ал кармалып, башка уурулук фактыларына тиешеси барлыгы текшерилет

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери чөнтөк уурулук фактысына шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Тартип сакчыларынын айтымында, аларга жаран Б.З. арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун атасынын айтымында, анын кызынын iPhone XP үлгүсүндөгү уюлдук телефонун маршруткадан 7-апрель көчөсүндө бара жатканда, кимдир бирөө оң жак курткасынын чөнтөгүнөн сууруп алып кеткен.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүү 1997-жылы туулган Н.А.нын өздүгү такталып, кармалган. Учурда иликтөө иштеринин алкагында анын башка уурулуктарга катыштыгы такталууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх