Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн саунанын администратору кармалды (видео)

Аталган мекеме Осмонкула көчөсүндө табылган

Бишкекте сойкулукка жана бузукулукка үндөгөн деп шектелген саунанын администратору кармалды.

Борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 1-майда милиция кызматкерлери тарабынан «Притон-Бабочка» рейдинин жүрүшүндө Осмонкула көчөсүндө жайгашкан сауна аныкталып, анда администратор кыздарга интимдик кызматтар шартын түзүп бергени аныкталган.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Саунанын администратору 37 жаштагы Д.И. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

«Урматтуу борбор калаанын жарандары жана коноктору, эгерде сиздерде интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген адамдар же жерлер боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, дароо төмөнкү телефондорго кайрылыңыз: Whatsapp - 0(701) 700-251, 0(312) 43-73- 75 жана 24 сааттык кыска номур 102. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет», - деп кошумчалады ШИИБ.

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх