Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кызды операцияга Бишкекке алып келе жатканда унаа өчүп калган. МАИ инспекторлору жардам беришти (видео)

Бейтап тез арада ооруканага жеткирилип, дарыгерлерге өткөрүлүп берилди

Нарындан бир кызды Бишкекке операцияга алып келе жатканда унаа жолдо өчүп калган. Жол кайгуул кызматынын инспекторлору жардамга келишти.

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, 29-апрелде Аламүдүн районунун Лебединовка айылында Жол кайгуул кызматынын инспекторлору менен «312» телеканалынын журналисттери биргеликте жол эрежесин бузгандарды аныктоо боюнча рейдге чыгышкан.

Түнкү саат үчтөр чамасында аларга «Ауди» үлгүсүндөгү унаа келген. Айдоочунун айтымында, ал Нарындан кызды борбордогу ооруканага операция жасатуу үчүн алып бара жаткан, бирок Бишкекке жакын жерде унаа бузулуп калган.

Инспекторлор кызды тез арада ооруканага жеткирип, дарыгерлерге өткөрүп беришти.

Сүрөт Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх