Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалган социалдык кызматкерлер Бишкектин улгайган тургундарын тоноп алектенишкен

Борбор калаанын тургуну аларды батирине киргизип, андан соң 640 миң сомун таппай калган

Бишкекте жалган социалдык кызматкерлер бир адамдын 640 миң сомун уурдап кетишкен.

Борбор шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 16-апрель күнү аталган жаранга эки аял келип, өздөрүн райондук администрациянын социалдык кызматкерибиз деп тааныштырышкан. Шаар тургуну аларды батирине киргизип, алар чыккандан кийин 640 миң сому жок экенин аныктаган.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») жана 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөрдүн өздүгү такталып, алар 31 жаштагы И.Т. жана 39 жаштагы А.Г. болуп чыкты. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Кармалгандардын ушул сыяктуу 8 кылмышка катыштыгы бар экени аныкталды.

Милиция башка жабырлануучуларды 102 кыска номуруна чалууну суранат.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх