Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК алтын куймалары тартылган видеону чагымчылдык деп атады

“Социалдык тармактарда деструктивдүү күчтөр терс максаттуу маалымат иштерин жүргүзүүдө”

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети социалдык тармактарга тараган жана анда адамдын алтын куймаларын көрсөтүп, кайсы бир “Сабыр авага” кайрылуусундагы видеону чагымчылдык деп атады.

Атайын кызмат бул видеону Кыргызстандын чет өлкөдө жүргөн, оор жана өзгөчө оор кылмыштарга айыпталган айрым жарандары тартканын билдирди.

«Учурда деструктивдүү күчтөр социалдык тармактарда терс максаттуу маалыматтык иштерди жүргүзүп, анын максаты саясий жетекчиликти каралоо жана коомчулукта терс пикир жаратуу болуп саналган жалган маалыматтарды таратуу. Деструктивдүү күчтөрдүн мындай аракеттери республиканын стабилдүүлүгүнө жана прогрессивдүү өнүгүүсүнө потенциалдуу коркунуч туудурат, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна алып келип, мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтириши мүмкүн», - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

 

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх