Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Массалык телефон менен алдамчылык. Дагы эки шектүү кармалды

Алар издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине жүргөн

Милиция кызматкерлери мурда издөөдө жүргөн телефондук алдамчылыкка шектүүлөрдү кармашты.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 15-март күнү 22 жаштагы А.Э., 20 жаштагы Э.Г. жана 20 жаштагы А.М. кармалышты. Дагы бир нече шектүү качып кетүүгө үлгүргөн. Алар издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине болчу.

6-майда 21 жаштагы К.И. жана С.Н. кармалды.

 

Эскерте кетсек, февраль айында шылуундар тобу ондогон карыяларды алдап кетишкен. Жарандарга алар телефон аркылуу чалып, өздөрүн туугандарыбыз деп тааныштырып, кырсыкка кабылганын билдиришип, курьер аркылуу акча жиберүүнү же акча которууну суранышкан.

Бул факты боюнча 261-берененин 1-бөлүмү (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) менен кылмыш иши козголгон.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх