Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Екатеринбургда кыргызстандык таксист өрттөн кишини куткарып калды - видео

Түтүндөн жана өрттөн качуу үчүн эки адам 20-кабаттын терезелеринен чыгышкан

Екатеринбургда көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн кыргызстандык таксист кишини куткарып калды.

Кечээ күнү Союзная көчөсүндөгү 21 кабаттуу турак жайдын 20-кабатында өрт чыккан. Түтүндөн жана өрттөн качуу үчүн эки киши терезеден чыгышкан. Бири кармана албай жыгылып түшкөн. Ал эми кыргызстандык экинчисин сактап калууга жардам берген.

Анын айтымында, ал ал жерден өтүп бара жатып, терезеден «Жардам бер!» деп кыйкырып жаткан адамды көргөн. Кыргызстандык өрт өчүрүүчүлөрдөн шланг алып, көп кабаттуу үйдүн чатырына чыгып, аны кишиге түшүргөн. Жабырлануучу шлангдын жардамы менен төмөнкү кабаттагы кондиционерге түшүп, терезени сындырып, кошуна батирге кирип алган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх