Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сокулукта жигит мурунку сүйлөшкөн кызын күч менен унаага салып, сабап салган

Ал кызды бир нече жолу сабап, кордогону белгилүү болду

Сокулук районунда кыйноого шектелген жаран кармалды.

Чүй ОИИББинин маалыматына ылайык, милицияга 21 жаштагы кыз кайрылып, 6-май күнү саат 07:00дөр чамасында үйүнөн жумушка чыкканда, 24 жаштагы мурдагы жигити Б.Н. аны үйдүн жанында күтүп турган. Андан соң ал кызды бычак менен коркутуп, күч менен унаага салып, андан соң сабап салган.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси («Кыйноо») боюнча кылмыш иши козголгон.

Кызганычтан улам Б.Н. кызды бир нече жолу сабап, кордогон.

Б.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх