Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Балдарыңдын келечегин ойло". Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү баткендик жарандан 15 миң доллар талап кылышкан (видео)

Акча талап кылгандар ал кишини «балдарыңды көрбөйсүң, майып болуп каласың» деп коркутушкан

Лейлек районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жергиликтүү тургундан 15 миң доллар талап кылышкан.

Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, Лейлек районунун Кулунду айылынын 41 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, 2022-жылдан бери айрым бандиттер тарабынан коркутуп-үркүтүп, « Балдарыңдын келечегин ойло, аларды көрбөй каласың, өзүң майып болуп каласың” деп 15 миң доллар талап кылышкан. Жаран тууганынан 1 миллион сомдук «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаасын алып, акча талап кылгандарга берген.

Аталган факты боюнча ИИМ тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Опузалап акча талап кылгандардын өздүгү такталып, алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болуп чыкты. Алар: Ж.У. аттуу Кулунду айылынын 40 жаштагы тургуну, Б.Б. аттуу Ак-Суу районунун 33 жаштагы тургуну, жана Ш.О. аттуу Лейлек районунун Интернациональный айылынын 46 жаштагы тургуну.

 

 

Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Дагы бир шектүүнү издеп жатышат.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх