Бишкек-Ош жолунда мас адам уктап калган. Ага МАИ кызматкерлери жардам беришти (видео)
Инспекторлор ал кишини үйүнө жеткизишти
Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын кызматкерлери Военно-Антоновка айылында жолдо уктап калган жаранга жардам көрсөтүштү.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 7-майда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда милиция кызматкерлери жолдун ортосунда мас абалындагы адам жатканын байкашкан. Инспекторлор аны жолдон чыгарып, үйүнө алып кетишкен.
«Бири-бирибизге кайдыгер болбойлу! Жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында МАИ кызматкерлери спирт ичимдиктерин ичкенден кийин жолдун ортосунда жаткан же жолдо бараткан жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда», - деп жазат башкармалык.
Сүрөт: www