Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин тургуну Кореядан унаа алып келип берем деген алдамчыга 332 миң долларын берген

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, башка жабырлануучулар изделүүдө

Бишкекте бир катар ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды.

Борбор шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 12-апрель күнү милицияга жабырлануучу кайрылып, ЖЧКлардын биринин негиздөөчүсү О.И. 2023-жылдын 1-декабрынан 2024-жылдын 1-мартына чейин Кореядан унаа алып берем деген шылтоо менен 332 500 доллар алып, бирок эч бир унаа алып келген эмес.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү делип 26 жаштагы О.С. кармалып, РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Анын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бардыгы аныкталган.

Милиция башка жабырлануучуларды 0(702) 227-022 же 102 телефондоруна кабарлоону суранат.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх