Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түрмөдө отурган жаран телефон аркылуу жарандарын акчасын алдап жүргөн

Жабырлануучуларга телефон чалып, тууганы кырсыкка кабылып, акча которуу керек деп айткан

Тергөөчүлөр абакта жатып жарандарды алдап жүргөн дагы бир телефон шылуунду аныкташты.

Борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, абактагы адам бишкектиктерге телефон чалып, алардын жакыны кырсыкка кабылгандыгын айтып, акча которууну талап кылып жүргөн.

Бул фактынын биринде КРНын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.

29 жаштагы шектүү А.С. нын камерасынан тинтүү жүргүзүлүп, ал чалып жүргөн уюлдук телефон табылган.

Аны ушул сыяктуу бир нече кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх