Бишкекте 4 жылдан кийин каракчылыктын уюштуруучусу кармалды
2020-жылы Бишкек шаарынын тургунунун үйүнө белгисиз адамдар курал менен кирип, сейфтин кодун талап кылышкан
Бишкекте тоноо фактысына шектелген жаран кармалганын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, 2020-жылдын 14-ноябрында белгисиз беткапчан адамдар Төрөкул Айтматов көчөсүндөгү жеке үйгө кирип, тапанча менен коркутуп, үй ээсинен сейфтин кодун айтып берүүнү талап кылышкан. Алардын талаптары аткарылбай турганын түшүнүп, үй ээлеринин уюлдук телефондорун алып, изин жашырып кетишкен.
Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси «Каракчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.
Андан соң кылмыштын үч аткаруучусу кармалган. Алар ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кечээ күнү башкы уюштуруучу 1990-жылы туулган К.Т. кармалып, СИЗО-1ге киргизилди.
Кылмыш иликтөө уланууда.
Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы