Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сузакта баңгизат менен алектенгендер 8 кг гашиш менен кармалды

Алар бир айга СИЗОго камалды

Сузак районунда баңги затын өндүрүү жана сатууга шектүүлөр кармалды.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, «Допинг» рейдинин жүрүшүндө ыкчам кызматкерлерге Сузак районунда эки адам баңги затын өндүрүү жана сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Кылмышка шектүүлөр Сузак районунун 47 жана 37 жаштагы тургундары экени аныкталды. Тинтүү учурунда алардан 8 килограмм 33 грамм гашиш алынган.

 

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалгандар 1 айга СИЗОго камалды.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх