Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте психотроптук заттарды саткан баңгизат сатуучулар кармалды (видео)

Алардан 1 миллион сомдук 2,7 миң психотроптук дары алынган

Бишкекте рецепт боюнча сатылган психотроптук дарыларды саткан баңгизат сатуучулар кармалды.

Борбор калаанын милициясы билдиргендей, «Допинг» рейдинин жүрүшүндө ыкчам кызматкерлерге борбордун Свердлов районунда белгисиз адамдар дарыгердин рецепти жана уруксаты жок психотроптук каражаттарды сатып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты маалымат журналына катталды.

Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинен , ыкчам иликтөө кызматкерлери психотроптук заттарды сатууга аракет кылып жаткан 21 жаштагы Б.А., 27 жаштагы К.М., 25 жаштагы К.М. жана 23 жаштагы С.И. кармашты. Тинтүү учурунда 1 миллион сомдук 2 миң 737 даана дарылар табылган.

Кармалгандар бул дарыларды, алардын айтымында, ири дүң жеткирүүчү аялдан сатып алышканын айтышкан. Ошондой эле, алар “продукциянын” дүң баасы 300 сомдон 500 сомго чейин экенин билдиришти. Ал эми алар болсо 700 сомдон сатууну пландашкан.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх