Чет элдиктер Кыргызстанда жасалма доллар жана наркозаттарын сатышкан
Шектүү бир адам кармалды
Жалал-Абад облусунда жасалма доллар менен Өзбекстандын жараны кармалды.
КР ИИМ билдиргендей, укук коргоо кызматкерлерине Өзбекстандын жарандары коңшу өлкөдөн баңгизаттарды жана жасалма долларларды алып келип жаткандыгы тууралуу маалымат алышкан.
10-майда ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте кылмышка шектүү 57 жаштагы өзбекстандык жаранды кармашып, андан жасалма 2 миң доллар табышкан. .
Окуяга тиешеси бар башка адамдар такталууда.
Сүрөт Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз