Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сокулукта мектеп мугалими милицияда иштеген кызга жылуу мамиле кылып, андан соң аны куугунтуктап баштаган

Ал милиция бөлүмүнө жеткирилди

Буга чейин социалдык түйүндөрдө бир адам милиция кызматкерин кордоп, кемсинтип, уятсыз сөздөрдү айтып жаткан видео тараган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 1-апрелде Аламүдүн районунун кызматкери УКМКга арыз менен кайрылып, анда белгилүү А.К. аны аңдып, кемсинткенин билдирген.

Бул факты Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгына катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкери буга чейин Сокулук районундагы мектептердин биринде мугалим болуп иштеген А.К. менен таанышып, алар сүйлөшүп башташкан. Бирок кийинчерээк ал киши аны аңдып, уят сөздөр менен кемсинтип, куугунтуктап баштаган.

«Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен А.К.га кылмыш-жаза кодексине ылайык протокол түзүлүп, жоопкерчиликке тартуу үчүн Ысык-Ата райондук сотуна жөнөтүлгөн. Кошумчалай кетсек, милиция кызматкерин мазактоо фактысы Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүндө катталган. Бул факты боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, натыйжада жаран А.К.га КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык юридикалык баа берилет», - деп билдирди ОИИБ.

Сүрөт: ИИБ

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх