“Манас” аэропортундагы бомба тууралуу маалымат жалган болуп чыкты
Аэропорт кадимки режимде иштеп жатат
“Манас” аэропортунда жардыруучу зат бар деген маалымат жалган болуп чыкты.
Аэропорттун маалыматы боюнча, ал жерден жардыруучу зат табылган эмес.
«Учурда коопсуздук кызматы толук текшерүү жүргүзүп, эч нерсе тапкан жок. Аэропорт жакынкы 20-30 мүнөттүн ичинде штаттык режимде иштей баштайт», — деди «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын басма сөз катчысы Алена Хоменко.
Эскерте кетсек, бүгүн "Манас" аэропортуна бомба коюлду деген маалымат боюнча КР ИИМ, ӨКМ жана Саламаттыкты сактоо министрликтеринин электрондук даректерине билдирүү келген. Анда аэропорт жардырыла турганы айтылып, миллион рубль талап кылынган. Бардык кызматкерлер жана жүргүнчүлөр эвакуацияланган.
Сүрөт: www