Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте алдамчы башка бирөөнүн жол тандабас унаасын сатып, акчасын карызын төлөөгө жумшаган

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, 22-апрель күнү милицияга шаар тургуну кайрылып, «Дордой Моторс» базарынан чала тааныш адам ишенимге кирип, өзүнүн «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү унаасын 31 миң долларга сатууга өз ыктыяры менен жардам берээрин билдирген. Бирок кийинчерээк ал унааны 24 миң долларга сатып, бул акчага өзунүн карызын жапканы белгилүү болду.

Алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүү катары 41 жаштагы Д.М. кармалып, борбор шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх