Кара-Сууда жол тандабас унаага ок атуу. Дагы бир чабуулчу кармалды
Куралдуу кол салуу 2023-жылдын 27-январында болгон
Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылында «Тойота Ленд Крузер 200» үлгүсүндөгү унааны куралчан карактаган дагы бир катышуучу кармалганын УКМК билдирди.
Аталган башкармалыктан билдиришкендей, кармалган КР жараны И.С.Д. болуп чыкты. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгон.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат, деп кошумчалады УКМК.
Эске сала кетсек, кол салуу 2023-жылдын 27-январында болгон. Кара-Суу районунун Нариман айылында беткап жана камуфляж кийген « ИГВХ» МТОнун мүчөлөрү ири суммадагы акчаны ташып бара жаткан «Тойота Ленд Крузер 200» үлгүсүндөгү унааны аткылашкан. Натыйжада 32 жаштагы М.А. жана 21 жаштагы Т.А. октон жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Андан соң кол салгандардын көбү кармалган.
Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы