Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги курулуштардын биринен 700 миң сомдук электр зымдары уурдалган

Эки киши кармалды

Бишкекте 700 миң сомдук электр зымдарын уурдоого шектүүлөр кармалды.

Борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, 11-майда милиция кызматкерлерине К.А кайрылып, алар 4-майда Ч.А.Атамбаев проспектисиндеги курулуш объектисинин аймагынан белгисиз адамдар 700 миң сомдук жез электр зымдарын уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөрдүн өздүгү такталып, алар 27 жаштагы Э.М. жана 31 жаштагы К.Ж. болуп чыкты. Алар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Алардын дагы ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар же кандайдыр бир маалыматы барлар төмөнкү телефондорго билдирүүнү суранышат: 0(551) 33-33-39, 0(509) 09-01-31 же 102.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх