Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош базарынан 93 норка калпакты уурдап кеткен

Ишкер келтирилген чыгымды жарым миллион сомго баалаган

Ош базарынан 93 норка калпакты уурдап кетишкенин борбор калаанын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, 12-майда жеке ишкер милицияга кайрылып, түнү белгисиз адамдар Ош базарынын аймагындагы контейнерден 511 миң 500 сомдук 93 норка калпакты уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1986-жылы туулган М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Андан 83 норка калпак табышкан.

 

Учурда тергөө иштери уланууда.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх