Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 22 жаштагы кыз жаранды 30 миң долларга алдап кеткен

Ал АКШ визасына жардам берүүгө убада кылган

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 22 жаштагы кыз кармалды.

Борбор калаанын милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, шаардык ички иштер башкармалыгына шаар тургуну кайрылып, АКШга виза алууга жардам берем деген кызга 30 миң доллар бергенин айткан. Бирок ал убадасын аткарбай, акчасын кайтарып берген эмес.

Алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү катары 2002-жылы туулган Ж.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Милиция башка жабырлануучуларды 0(502) 77-77-62 же 102 телефондоруна кабарлоону суранат.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх