Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

29 чет элдик жаран борбордук милицияга жеткирилди (видео)

Аларга 159 миң сом айып салынды

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан чет элдик жарандар арасында ыкчам-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

Борбор калаадагы ГУВБ билдиргендей, рейддин негизги максаты мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана бөгөт коюу жана КР миграциялык мыйзамдарынын талаптарын сактоо болуп саналат.

Рейддин жүрүшүндө милицияга Бишкек шаарында мыйзамсыз иштеп, жашап жүргөн 29 чет элдик жаран алынып келинди. Аларга карата Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 431-беренеси («Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү же транзиттик өтүү эрежелерин бузуу») боюнча протоколдор түзүлдү.

Айыптын жалпы суммасы 159,5 миң сомду түздү.

Сүрөт БИИБ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх