Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Екатеринбург-Бишкек каттамындагы учак аэропорттон кишини тебелеп кетти

Кырсык техник учактын шассисин текшерип жатканда болгон

Екатеринбург аэропортунда Урал аба жолдорунун учагы адамды тебелеп кетти.

Ural Mash Telegram каналынын маалыматы боюнча, кырсык учар алдында техник учактын шассисин текшерип жатканда болгон.

«Техник учактын абалын текшерүүнү улантып жатканда, Екатеринбург-Бишкек каттамындагы учкуч уруксат сигналын күтпөй, жыла баштаган, натыйжада адам учактын дөңгөлөктөрүнүн астында калган», — деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучу аман калган. Сөөктөрү сынып ооруканага жеткирилди.

Учактын экипажы иштен четтетилди. Үч сааттан кийин башка бир учак Кыргызстанга учуп кетти.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх