Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте төрт мектеп окуучуну сабап, бычактап кетишти

Аларга улуураак балдар кол салышкан

Бишкекте мушташтан улам мектеп окуучулары бычакталды. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарда пайда болду.

Маалым болгондой, 16-майда Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан теннис клубунда жаштардын ортосунда чыр чыгып, мушташка айланган. Натыйжада жабыркаган алты мектеп окуучусунун төртөө бычак жеген.

 

Өз кезегинде Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 16-майда саат 22:00дөр чамасында 102 кызматына Айтматов проспектисинде жайгашкан дүкөндөрдүн бирине бычактан жаракат алган эки жигит келгендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, жабыркагандар тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.

Ооруканага жалпысынан төрт жигит жеткирилген: 2006-жылы туулган Э.А.(амбулатордук дарылоодо), 2007-жылы туулган Т.Э., 2006-жылы туулган К.А. жана 2006-жылы туулган П.А.

Милицияга 20 жаштагы М.Э. жана А.А. жеткирилген. Аларды белгисиз бирөөлөр сабап салганы тууралуу арыз жазышкан.

Ошондой эле фактылар Ленин районунун ИИБнын АИС ЖУИ бөлүмүнө катталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх