Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган пакистандык 6 жаранды кармады

Чет элдиктер Казакстандын аймагына кирүүгө аракет кылышкан

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган пакистандык 6 жаранды кармады.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 20-майда таңкы саат 3.30да Васильевка чек ара заставасында Пакистан Ислам Республикасынын 6 жараны кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган учурда кармалган.

 

 

Бул факты боюнча УКМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 37 жана 378-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголду. Кармалгандар Борбордук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх