Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кароосуз калган башка бирөөнүн сумкасын белгисиз алып кеткен. Анда 15 миң доллар бар болчу (видео)

Кылмышка шектүү уурулук фактысы боюнча кармалды

Бишкекте акча уурдоого шектүү жаран кармалганын борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, 20-апрелде милицияга жаран кайрылып, саат 18:00дө Фрунзе көчөсүнөн белгисиз адам 15 миң доллар өлчөмүндөгү накталай акчалар жана документтер салынган сумкаларды уурдап кеткенин билдирген.

Бул фактынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары адамдын өздүгү такталып, ал 1970-жылы туулган Л.Д. болуп чыкты. Ал РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх