Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чет элдик студенттер жашаган жатаканада төңкөрүш жасаган вандалдар кармалды (видео)

Шектүү эки адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Милиция чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип, ал жерде төңкөрүш жасаган жигиттерди кармады.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 18-майда түнкү саат бирлер чамасында 7-апрель көчөсүндө жайгашкан жатаканага жаш жигиттер кирип, эшиктерин бузуп, чет элдик студенттерди сабап башташкан. Аларды милиция да токтото алган эмес.

Массалык баш аламандык жана бейбаштык боюнча кылмыш иштери козголду.

21 жаштагы А.Т. жана 25 жаштагы Ж.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.

Милиция кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды улантууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх