Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Январь айында Аламүдүн капчыгайында жоголгон 28 жаштагы Мукамбеталы табыла элек.

Милиция издөөнү улантууда

Чүй облусунда дайынсыз жоголгон 28 жаштагы Маматалы уулу Мукамбеталыны издөө иштери уланууда. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Эске сала кетсек, Мукамбеталы 14-январда дайынсыз жоголгон. Ал акыркы жолу Аламүдүн капчыгайындагы “12 Камин” эс алуу жайынын аймагында байланышка чыккан. Жигит эс тутумун жоготуудан жабыркайт.

"Дайынсыз жоголгон Маматалы уулу Мукамбеталынын дайыны ушул күнгө чейин белгисиз бойдон калууда", — деп айтылат маалыматта.

Өзгөчөлүгү: бою 180-185 см, чачы кара, көзү кара күрөң.

Кийген кийими: башына «Nike» деген жазуусу бар кара кепка, кара күрмө, спорттук бут кийим жана кара шым.

Өзгөчө белгилери: сол кашында тырык бар.

 

Милиция дайынсыз жоголгон адамдын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды 0312 363523, 0312363527, 0708305079 телефон номурларына, ошондой эле 102 кыска номуруна чалууну өтүнөт.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх