Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аламүдүн районунда эркек киши мурунку аялын жана өгөй баласын сабап жүргөн. Ал кармалды

Үй-бүлөлүк тиран 2 айга камалды

Аламүдүн районунда кызганычтын айынан мурунку аялын жана өгөй баласын сабап, кыйнаган жаран кармалганын Чүй облустук ИИБ билдирди.

Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, 20-майда РИИБге арыз менен 37 жаштагы Л.Н. кайрылган. Ал кызганычтын айынан аны жана 14 жаштагы өгөй уулун мас абалында системалуу түрдө сабап, кыйнап келген мурдагы күйөөсүнө карата чара көрүүнү суранган.

Бул факты Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, кылмыш иши козголгон.

Шектүү 1991-жылы туулган Ж.А., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Кыйноо) боюнча кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

 

Соттук-медициналык жана юридикалык экспертизалар дайындалды.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх