Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таласта эки баласы менен аял өлтүрүлдү

Кылмыш болгон жерден ок атуучу курал жана балта табылган

Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Ак-Башат айылында үч киши өлтүрүү катталды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 24-майда саат 00.37 чамасында милицияга адам өлтүрүү фактысы боюнча чакыруу түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келген. Ыкчам кызматкерлер 27 жаштагы М.Ж., анын 4 жаштагы кызынын жана 2,5 жаштагы уулунун жансыз денелерин табышкан.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен кылмыш иши козголду.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, кылмыш болгон жерден ок атуучу курал жана балта табылган. Алар буюм далили катары таанылды.

Шектүү катары мурда соттолгон 1976-жылы туулган жергиликтүү тургун К.Н. издөөгө берилди.

«Соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук баллистикалык жана соттук криминологиялык экспертизалар дайындалды. Учурда Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын жана Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүүнү издөө боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет», - деп айтылат билдирүүдө.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх