Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте беткапчан үч жигит чет элдик жаран жашаган батирди тоноп кетишкен

Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Бишкекте уурулукка шектелгендер кармалганын борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, 18-апрель күнү милицияга чет элдик жаран кайрылып, болжол менен саат 6:00дө Бишкектеги Исакеев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги анын батирине беткап кийген белгисиз адамдар киргенин билдирген. Алар iPhone 14 Pro Max, Samsung Galaxy Tab A 70, Infinix HOT 10, Macbook уюлдук телефондорун жана 10 миң сомун уурдап кетишкен.

Аталган факты боюнча ИИМ тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси «Уурулук» боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Т.Э., 24 жаштагы К.У., жана 23 жаштагы И.Э. кармалып Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.

 

Алардын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталып жатат.

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх