Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ Таласта аялды эки баласы менен мыкаачылык менен өлтүрүшүнүн чоо-жайын билдирди

2018-жылы шектүү инисин өлтүрүүгө аракет кылган деп соттолгон

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Талас облусунда аялды жана анын эки баласын мыкаачылык менен өлтүрүшүнүн чоо-жайын билдирди.

Окуя Айтматов районунун Ак-Башат айылында 23-майга караган түнү болгон. Киши өлтүрүү болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү 48 жаштагы К.Н. жана анын бир тууганы К.М. ортосунда мүлк талашы боюнча чыр-чатак чыккан.

«Бул жаңжалдын натыйжасында 2018-жылы К.Н. иниси К.Мга бычак менен кол салган жана аны өлтүрүүгө аракет кылган. Бирок анын аракеттери ийгиликке жеткен эмес.Бул фактынын негизинде ошол эле жылдын март айында К.Н. Кара-Буура райондук сотунун чечими менен адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен 8 жылга эркинен ажыратылган.

2023-жылдын март айында К.Н. Бакай-Ата райондук сотунун чечими менен шарттуу түрдө бошотулган. Соттун аныктамасын аткаруу Бишкек шаарынын, Чүй жана Талас облустарынын региондор аралык башкармалыгынын Кара-Буура жана Манас райондору боюнча пробация органдарына жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин пробация башкармалыгына жүктөлгөн.

2024-жылдын 23-майында саат 23.00 чамасында К.Н. эски кектин айынан өч алуу максатында инисине келген. Бирок агасы жок болуп, анын үй-бүлөсүнө мыкаачылык менен мамиле кылып, аялын жана балдарын өлтүргөн. Андан соң тоо тарапка изин жашырып качып кеткен», — деп билдирди ИИМ.

Үч киши өлтүрүүгө шектелген адам камакка алуу учурунда өлтүрүлгөн.

 

Сүрөт Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх