Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аксы районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди (видео)

250 жергиликтүү тургун эвакуацияланды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин ӨКМ билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, 25-майда жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Камыш, Сары-Челек, Үч-Коргон айыл аймактарында сел жүрүп, 56 турак жайды каптап, 3 сарайды да жараксыз абалга келтирди.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат, Жарандык коргонуудан 100 адам жана ӨКМден 24 куткаруучу тартылган.

Ошондой эле Кара-Суу дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери жүрүп жатат.

Кошумчалай кетсек, Сары-Челек айыл аймагында үч көпүрө жараксыз абалга келген.

Ошондой эле Аксы районунун Кезарт айылында 250 адам эвакуацияланганы кабарланды. Кезарт дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, 64 үйдү суу каптоо коркунучу бар.

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх