Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кемин районунда жеңил унаа дарыяга түшүп кетип, айдоочунун сөөгү эки күндөн кийин табылды (видео)

Айдоочу унаа ээсинин айылдашы болгон

Кемин районунда унаа Чоң-Кемин дарыясына түшүп кеткен айдоочунун жансыз денеси эки күндөн кийин табылды.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык 23-майда болгон. Саат 20.00дөр чамасында РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чоң-Кемин суусуна унаа түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келген. Анда Ауди С4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, дарыяга түшүп кеткени аныкталган.

Тез жардам кызматынын кызматкерлери унааны алып чыкканда ичинде эч ким болгон эмес.

Ал эми унаанын ээси аныкталып, ошол күнү унааны айылдашы 34 жаштагы Ш.А. айдап бара жаткандыгы аныкталган.

25-майда Кемин шаарына жакын жердеги дарыядан Ш.Анын жансыз денеси табылды.

Фото: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх