Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Жапайы" каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңги заттардын ири партиясы менен кармалды (видео)

Андан 16 килограммдан ашык гашиш алынды

Өзбекстанга баңги заттарды Кыргызстандын Аксы жана Ала-Бука райондору аркылуу ташуу үчүн дагы бир канал жоюлганын, Ички иштер министрлигинде билдиришти.

Баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүнү уюштургандыгы үчүн кылмыш чөйрөсүндө Жапайы каймана аты менен белгилүү, мурда соттолгон Токтогул районунун 1978-жылы туулган Ж.А. аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Операция учурунда андан 16,107 килограмм гашиш табылды.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-статьясына ылайык кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх