Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин тургунун уурдап, шаардын сыртына алып чыгып, сабап, тоноп кетишкен

Шектүү бир жылдан кийин кармалды

Бишкекте адам уурдоого шектелген жаран кармалганын борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган башкармалыктын маалыматына ылайык, 2023-жылдын 1-июлунда милицияга бир адам кайрылып, ошол эле жылдын 28-февралында “Совмин” кичи районунан И. аттуу жаран аны уурдап, шаардын сыртына алып чыгып, сабап, 370 миң сомун алып кеткенин билдирген.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо” беренеси менен катталган. Шектүү издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген.

Ж.А. аттуу 27 жаштагы шектүү дээрлик бир жылдан кийин камакка алынган. Ал борбор шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Сүрөт ИИБнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх