Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өспүрүмдү зордуктап Интерпол тарабынан издөөгө алынган Монголиянын жараны Бишкекте жашынып жүргөн

Ал видеобайкоо камераларынын жардамы менен табылып, кармалды

Монголиянын Интерполу тарабынан издөөгө алынган өзгөчө оор кылмышка шектүү Бишкектен кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлиги билдирди.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы боюнча издөөдө жүргөн 1982-жылы туулган Б.Э. Бишкек шаарынан видеокамералардын жардамы менен табылып, кармалды.

Мындан тышкары, Улан-Батор шаарында (Монголия) өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык боюнча издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны 1981-жылы туулган С.Б. кармалды. Ал жабырлануучуга электрондук акчаны сатып алууда жеңилдик берүүнү убада кылып, 100 миң долларды алып качып кеткен. 2023-жылы С.Б. Польшадан экстрадицияланган, бирок кылмыш жоопкерчилигинен кутулууга жетишкен. Ал фамилиясын өзгөртүп, өлкөдөн чыгып кеткен.

Учурда кармалгандарды экстрадициялоо маселеси каралууда.

 

Сүрөт Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх