Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

19 жашар жигит өз үйүндө нарколаборатория ачкан - фото

Ал кыстармаларды жасап баңгизатын тараткан

Бишкекте баңгизат сатууга шектелип 19 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Н.Я. Жибек Жолу проспектиси менен Будённый көчөсүнүн кесилишинде баңгизатын сатып жаткан жеринен кармалган. Жигит 13 жерди кыстарма менен көрсөтүп, оперативдүү кызматкерлерге нарко затын таап берген.

Мындан тышкары, Н.Я. мини-баңги лабораториясын ачып, 200 граммга жакын заттарды - 184 грамм марихуана жана 3,972 грамм психотроптук заттар үйүнөн табылган.

 

 

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Сүрөт Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх