Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Блогер кишини атып “хайп” кылам деп видео тараткан. Ал кармалды

Милиция иликтөө иштерин жүргүзүүдө

Бишкекте социалдык тармактарга адамды аткан видеону жарыялаган 20 жаштагы блогер кармалды.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 300 миңден ашык жазылуучусу бар Instagram колдонуучуларынын бири «ОЙДОГУДАЙ БОЛГОН ЖОК» деген аталыштагы видеону жарыялаган, анда ал жигитти атып салган.

Бул факты Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Блогердин өздүгү такталып, ал 20 жаштагы М.М. болуп чыкты. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилип, андан сигнал берүүчү тапанча алынган. Экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен жигиттин аракетине юридикалык баа берилет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх