Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖОЖдогу декандын орун басарын кармады

Эки күндүн ичинде окуучулардан 300 миң сомго жакын акча чогултулган

Жогорку окуу жайдагы декандын орун басары кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы 30-майда билдирди. Ал мамлекеттик сынак учурунда акча талап кылган деп шектелип жатат.

Расмий маалымат боюнча, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин окутуучулары тарабынан студенттерден системалуу түрдө акча чогултуу фактысы аныкталды.
27-майдан 29-майга чейин гуманитардык-педагогикалык факультетте Кыргызстандын тарыхы боюнча мамлекеттик сынак өткөн. «Анда аталган факультеттин деканынын орун басары Д.у.Д., комиссиянын мүчөлөрү К.У.Б., А.О., К.Р., А.Н. жана А.А. менен сүйлөшүп, алардын ар биринен 1500 сомдон талап кылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2 күндө студенттерден болжол менен 300 000 сомго жакын акча чогулган», - деп билдирди УКМК.

Иш КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап акча талап кылуу) менен козголуп, декандын орун басары Д.у.Д. УКМКнын тергөө абагына камалды. Тергөө уланып жатат.
Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, бул кызматта Дарыбек уулу Дилакбар эмгектенип жаткан.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх