Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунун тургуну Тик-Токко жарыялаган макалалары үчүн кармалды

Ага экстремисттик материалдарды даярдап, тараткан деген айып тагылды

Чүй облусунда “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды.

Чүй облусунун ИИБнын, Кемин РИИБнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы билдиргендей, социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда TikTok баракчасында Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмга тиешелүү болгон” билдирүүлөр бар экендиги аныкталган.

Аталган факт Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон.

Мазмундун автору аныкталып, ал 28 жаштагы А.Х болуп чыкты. Ага кылмыш иши козголуп, кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.

 

Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх