Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызтелеком» ААКнын кызматкери токко урунуп каза болду

Телефон операторунун өлүмү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт

Чүй районунун Дөң-Арык айылында «Кыргызтелеком» ААКнын кызматкери электр мамысынан токко урунуп каза болду.

Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, 31-майда саат 15.12де Чүй электр тармактар ишканасына жергиликтүү тургундар телефон чалып, байланыш мамысында эркек киши асылып турганын билдиришкен. Окуя болгон жерге РЭСтин ыкчам тобу барган.

«Маркум АТСтин телефон оператору, 1966-жылы туулган Ш.К. экен. Байланыш кызматкери телефон линиясын тартуу үчүн мамыга чыгып баратканда токко урунуп каза болгон. Ш.К эч кандай коопсуздук эрежелерин сактаган эмес жана бул тууралуу ЧуПЭСке билдирген эмес. РЭСке маалымат берилгенде коопсуздук үчүн электр жарыгы өчүрүлмөк», - деп билдирди Энергетика министрлиги.

«Кыргызтелеком» ААКсы өз кезегинде кызматкердин өлүмү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөрүн билдирди.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх